20-24-декабрь “Адабият” жумалыгы

ELL бөлүмү өткөрүп жаткан 20-24-декабрь “Адабият” жумалыгы

 

Иш-чара

Күнү

Жери

1

4-кабатты сүрөттөр галереясы. 402 – кабинеттин  (British Studies) ачылышы.

20-декабрь, саат 11.00

 

“Д” блок, 4-кабат

3

Ч.Айтматовдун “Бетме-бет” повестин студенттерге окутуу жана тесттен өткөрүү

20-декабрь, саат 16.00

“402” 1-курс, “406”  2-курс, “408” 3-курс, “414” 4-курс

 

4

Жазуучу Т.Шайдуллаева менен жолугушуу

21-декабрь, саат 15.00

“Д” блок, 110-кабинет

5

Ч.Айтматовдун үй музейине экскурсия.

22-декабрь, саат 11.00

Музей

6

2-3-курстардын педпрактикасынын отчету.

Студенттердин иш берүүчүлөр менен жолугушуусу.

23-декабрь, саат 11.00

“Д” блок, 110-кабинет

7

“Шекспир” күнүн белгилөө, грамоталарды тапшыруу, жумалыкты жыйынтыктоо.

24-декабрь,  саат 14.00

“Д” блок, 110-кабинет

 

Уюштуруучулар: Филология (англис тили жана адабияты) кафедрасынын окутуучулары жана студенттери.

“Адабият жумалыгынын” максаты: Филология (англис тили жана адабияты) кафедрасынын окуу планындагы “Адабият таанууга киришүү”, “Дүйнөлүк адабият”, “Кыргыз адабияты” предметтери боюнча студенттердин билимин тереңдетүү жана жыйынтыктарын чыгаруу, адабияттын өкүлдөрү менен тааныштырып, көркөм чыгармаларды талдоону үйрөтүү.

20-декабрь. “Адабият жумалыгында” студенттер өз колдору менен жараткан көркөм адабият боюнча сүрөт галереясы ачылып, байгелүү орундар берилди. “Д” блоктун 4-кабатындагы 402-аудитория “British Studies” деп аталып, кабинет жасалып, ачылышы болуп, ректор С.Эрдолатов сүйлөдү.

21-декабрь. Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева Филология (англис тили жана адабияты) кафедрасынын окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, адабият кечеси өттү.

22-декабрь. Филология (англис тили жана адабияты) кафедрасынын окутуучулары жана студенттери улуу жазуучу Ч.Айтматовдун үй музейине барышты, ал жактан абдан мыкты лекцияларды угушту.

23-декабрь. 2-3-курстардын педагогикалык практикасынын жыйынтыгы чыгып, “Мыкты практикант-мугалим” номинациясына 3-курстун студенти Алмазова Бермет ээ болду.

24-декабрь. “Шекспир күнү” өткөрүлдү. Бул күнү студенттер дүйнөлүк адабияттан көркөм чыгармалардан үзүндүлөрдү көркөм окуп, поэзия кечеси өткөрүлүп, “Адабият жумалыгы” жыйынтыкталды.